
.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ысык-Көл регионалдык башкармалыгы 27-28-октябрь күндөрү Түп районунун Кудургу, Кичи-Өрүктү жана Ысык-Көл районунун Орто-Өрүктү, Григорьевка айылдарынын акваториясынан жалпы узундугу 4600 метрди түзгөн эски синтетикалык торлорду жана 60 кг таштанды чыгарышты.
Ал эми 2026-жылдын башынан бери жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында Ысык-Көл регионалдык башкармалыгы тарабынан жалпы 56 200 метр балык уулоочу тор жана 1 480 килограмм таштанды чыгарылды.
Иш чаралар Кыргыз Республикасынын Президентинин «Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» Жарлыгын аткаруу максатында, Ысык-Көлдүн экологиялык абалын жакшыртуу, көлдүн биологиялык ар түрдүүлүгүн коргоо жана суунун булганышынын алдын алуу багытында жүргүзүлүүдө.