
.
АКШда Amazon компаниясынын кызматкери ChatGPTнин кеңештеринен улам каза болду. Нейротармак кызды эпилепсияга каршы дарылардан баш тартууга көндүргөн.
NYT жазгандай, Боуэн Ван он жылдан ашык убакыттан бери эпилепсия менен жашап келген. Ага дары ой жүгүртүүсүн жайлатып, сүйлөөгө тоскоол болуп жаткандай сезилген. Ал ChatGPT кайрылган.
ЖИ «дозаны өз алдынча оңдоону» сунуштап, бир нече жуманын ичинде дозаны 400 мг дан нөлгө чейин төмөндөтүү планын түзүп берген жана муну дарыгерлерден жашырууга кеңеш берген.
Ван бул планды аткара баштаганда анда эс-учун жоготуу, эс тутумунун начарлашы жана окууда кыйынчылыктар пайда болгон. Ал бул симптомдорго байланыштуу кабатырланганын кем дегенде 158 жолу билдирген, бирок ЖИ анын симптомдорун мээнин «өзүнүн жөнгө салуу ритмине» кайтып жатканы менен түшүндүрүп, аны тынчтандырып турган.
Катышуу тарыхына ылайык, кыз нейротармакка акыркы билдирүүсүн сөөгү табылардан үч күн мурун жөнөткөн. Вандын ата-энеси OpenAI компаниясына каршы сотко доо арыз менен кайрылышкан. Компания ал эски GPT моделин колдонгонун, ал азыр жеткиликсиз экенин айтып актанышууда.