
.
2026-жылдын 2-ноябрынан 6-ноябрына чейин Боом капчыгайында кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу тиешелүү кызматтар маалымдашты.
Иштер Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 132-чакырымында саат 09:00дөн 15:00гө чейин аткарылат.
Ага байланыштуу жол убактылуу жарым-жартылай жабылып, унаалар бир тилке аркылуу өткөрүлөт. Эгерде 30–40тан ашык унаа топтолсо, алардын өтүүсүн камсыздоо үчүн иштер убактылуу токтотулат.
Айдоочуларга сапарын алдын ала пландап, жолдо мүмкүн болгон кечигүүлөрдү эске алуу сунушталат.