
.
Бишкекте мас абалындагы айдоочу Kia үлгүсүндөгү унаасы менен аялдаманы сүзүп, жол кырсыгынын кесепетинен унаа оодарылып кеткен.
Кайгуул кызматынан билдиришкендей, кырсык 28-октябрда саат 23:44 чамасында Арча-Бешик конушундагы Токомбаев жана Чортеков көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.
Кырсыктан жабыркагандар жок.