
.
30-октябрга караган түнү Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан жаап, тоолуу аймактарда карга айланат.
Күндүз Ысык-Көл жана Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй жана Ош облустарынын тоо этектеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4–9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө: түнкүсүн -3…+2°, күндүз 12…17°;
Талас өрөөнүндө: түнкүсүн -3…+2°, күндүз 10…15°;
Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында: түнкүсүн 3…8°, күндүз 16…21°;
Ысык-Көл облусунда: түнкүсүн 0…5°, күндүз 10…15°;
Нарын облусунда: түнкүсүн -5…0°, күндүз 10…15°.
Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4–9 метрди түзөт. Абанын температурасы түнкүсүн 0…2° жылуу, күндүз 13…15° жылуу болот.