
.
29-октябрда Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Кожомкул айылындагы Горький көчөсүндө жайгашкан мектептен өрт чыкты.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, өрт тууралуу маалымат саат 11:20да түшкөн. Тилсиз жоо саат 12:09да чектөөгө алынып, 12:36да толугу менен өчүрүлгөн. Өрттү өчүрүүгө төрт өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Окуядан жабыркагандар жок.
Агартуу министрлиги өрт мектептин экинчи кабатындагы 27-кабинеттен чыкканын билдирди. Билим берүү мекемесинин администрациясы 1200 окуучуну эвакуациялап, колдо болгон өрт өчүрүүчү шаймандар менен жалынды өчүрүүгө аракет кылган.
Окуяга байланыштуу мектеп 30-октябрда онлайн окуу форматына өткөрүлдү.