
.
Бишкекте «Жаңы үйлөнгөндөрдүн бак отургузуусу» долбоорунун алкагында жаш жубайлар «Адинай» сейил багына кара кайың дарагын отургузушту. Бул тууралуу «Бишкек жашыл курулуш» муниципалдык ишканасы билдирди.
Долбоор жаш үй-бүлөлөрдүн маанилүү күнүн эсте каларлык кылуу жана борбор калааны жашылдандырууга салым кошуу максатын көздөйт.
Отургузулган дарак сүйүүнүн, үй-бүлөлүк бакубаттуулуктун жана жаңы жашоонун символу катары каралат. Ал жубайлар менен бирге өсүп, алардын үй-бүлөлүк тарыхындагы өзгөчө күндү эске салып турат.
Долбоорго катышууну каалаган жаш жубайлар greenair.kg/bishkek сайты аркылуу арыз бере алышат. Ошондой эле 0880 005 123 номери аркылуу байланышууга болот.
Катышуу үчүн дарак отургузула турган жерди тандап, керектүү маалыматтарды толтуруп, QR-код аркылуу төлөм жүргүзүү зарыл.