
.
АКШнын Нью-Йорк шаарында болжол менен 67 миллион жыл мурда жашаган нанотираннус динозаврынын скелети аукциондо 47,3 миллион долларга сатылды. Бул тууралуу Associated Press агенттиги жазды.
«Жоди» деп аталган скелет Sotheby’s аукцион үйүндө сатылган. Аны сатып алган адамдын аты-жөнү азырынча ачыктала элек. Алты башка сатып алуучу ат салышкан аукцион болжол менен 12 мүнөткө созулган.
Адистер скелеттин баасын 6–9 миллион доллар деп болжолдошкон. Бирок соода учурунда анын баасы бул суммадан бир нече эсе жогорулады. Натыйжада «Жоди» тарыхта аукциондо сатылган эң кымбат динозавр калдыктарынын экинчиси болуп калды. Буга чейин ушул эле жайда тираннозавр рекстин «Гус» аттуу скелети 50,1 миллион долларга сатылып, рекорд койгон.
Нанотираннус болжол менен чоң тираннозавр рекстин жарымындай болгон. Ал 67 миллион жыл мурда Бор мезгилинде жашаган. Бул динозаврдын алдыңкы буттары узунураак, тырмактары чоң жана тиштери ичке болгон.
Скелеттин болжол менен 70 пайызы сакталган. Анын бою 2,9 метрге, узундугу дээрлик 6 метрге жетет. Учурда илимпоздорго белгилүү болгон мындай скелеттердин саны үчөө гана.
«Жоди» 2019-жылы АКШнын Монтана штатындагы малчы Жоди Пиерсондун жеринен табылган.
Белгилей кетсек, окумуштуулар көп жылдар бою нанотираннусту өзүнчө динозавр түрүбү же жаш тираннозавр рекспи деген суроонун үстүндө талашып келишкен. Былтыр жарыяланган изилдөөдө анын өзүнчө динозавр тукумуна кирери тууралуу тыянак чыгарылган.
Ошол эле учурда айрым окумуштуулар мындай баалуу табылгалардын жеке коллекцияларга сатылышына каршы чыгышууда. Алардын пикиринде, динозаврлардын маанилүү калдыктары музейлерде сакталып, илимий изилдөөлөргө жана коомчулукка жеткиликтүү болушу керек.