
.
Сыймык Жапыкеев 2027-жылы өтө турган президенттик шайлоого талапкерлигин коюуну ниеттенип жатканын билдирди.
Ал бул тууралуу социалдык тармактагы баракчасына жазып, чечим кабыл алууда кеңешип жатканын белгиледи.
«Буюрса, президенттикке талапкерлигимди коюуну ниеттенип атам. Кеңешип кескен бармак оорубайт», — деп жазды Жапыкеев.
Кыргызстанда президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январына белгиленген. БШКнын маалыматына ылайык, талапкерлерди көрсөтүү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин уланат.



