
.
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өлкөнүн Куралдуу күчтөрүн реформалоону тапшырды. Аскердик реформа боюнча план 10 күндүн ичинде даярдалып, Коопсуздук кеңешинин кароосуна киргизилет.
Бул тапшырма Каспий деңизиндеги аскердик машыгуу учурунда 14 аскер кызматкери каза болгондон кийин берилди. Окуя 24-сентябрда болгон. Машыгуу маалында аба ырайы начарлап, катуу шамалдан 17 аскер деңизге агып кеткен. Үчөө аман калган.
Токаев машыгууга катышкан аскерлер зарыл жабдуулар менен толук камсыздалбаганын, анын ичинде деңизде куткаруучу жилеттер берилбегенин белгиледи.
Президент Коргоо министрлигиндеги башкаруу системасын өзгөртүү, аскерлердин коопсуздугун күчөтүү, заманбап технологияларды киргизүү жана бюджеттик каражаттарды натыйжалуу пайдалануу боюнча чараларды көрүүнү тапшырды.
Ошондой эле Коргоо министрлигине жаңы жетекчи болуп Айдос Мырзахметов дайындалды. Ал аскердик реформаны ишке ашыруу боюнча негизги милдеттерди аткарат.