
Ош облусунда өлкөдөн айыл чарба малдарын мыйзамсыз алып чыгып турган трансчек аралык кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка ылайык, атайын кызмат Мамлекеттик чек ара кызматы менен биргеликте жүргүзгөн иш-чаралардын жүрүшүндө Кыргызстандын жана чет өлкөлөрдүн жарандарынан турган кылмыштуу топ аныкталган. Алар айыл чарба малдарын өлкөдөн мыйзамсыз чыгарып, коңшу мамлекетте сатып келишкени айтылат.
22-июнда Ош облусунун Араван районундагы чек арага жакын аймакта 229 баш малды мыйзамсыз алып чыгууга аракет жасалып жаткан учурда кылмыштуу топтун уюштуруучулары жана аткаруучулары кармалган. Алар УКМКнын тергөө абагына киргизилди.
Тергөөнүн версиясы боюнча, шектүүлөр өлкөдөн айыл чарба малдарын алып чыгууга тыюу салынганына карабастан, жеке пайда табуу максатында алдын ала сүйлөшүп алып, туруктуу мыйзамсыз схеманы уюштурушкан.
Учурда Кылмыш-жаза кодексинин 321-беренесинин 4-бөлүгү (“трансчек аралык топ тарабынан жасалган экономикалык аткезчилик”) боюнча кылмыш иши тергелип жатат. УКМК кылмыштуу топко тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-издөө жана тергөө иш-чаралары уланып жатканын маалымдады.