
Бишкекте 15-июндан 15-августка чейин Киев көчөсүнүн айрым кесилиштеринде унаа кыймылы убактылуу чектелет. Бул тууралуу шаардык мэрия маалымдады.
Маалыматка ылайык, чектөөлөр жылуулук тармактарын жаңылоо иштерине байланыштуу киргизилүүдө. Оңдоо жумуштары Киев көчөсүнүн Исанов көчөсүнөн Ибраимов көчөсүнө чейинки тилкесинде жүргүзүлөт.
Мэриянын билдирүүсүндө белгиленгендей, курулуш-монтаждоо иштеринин жүрүшүнө жараша кесилиштер этап-этабы менен жабылып турат.
Ошондой эле 2027-жылы Киев көчөсүнүн Бейшеналиева көчөсүнөн Исанов көчөсүнө чейинки бөлүгүндө диаметри 700 миллиметр болгон магистралдык жылуулук тармагын реконструкциялоо мерчемделген.
Учурда аталган долбоор боюнча долбоордук-сметалык документтер даярдалып жатат. Иш-чаралар борбор калаанын жылуулук инфраструктурасын жаңылоо жана модернизациялоо программасынын алкагында жүзөгө ашырылат.