
Бишкекте адам өлтүрүүгө аракет кылган деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу 12-июнда Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 11-июнь күнү саат 20:50 чамасында "102" кызматына Кара-Балта көчөсүндө аял киши бычакталгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу барып, 1953-жылы туулган А.А. аттуу аялга анын жээни кол салып, моюнуна бычак сайып, андан соң окуя болгон жерден качып кеткенин аныктаган.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 37-122-беренеси ("Адам өлтүрүүгө аракет кылуу") менен кылмыш иши козголгон. Тергөө иштеринин жүрүшүндө милиция шектүүнүн өздүгүн тактаган. Ал 2002-жылы туулган Б.Р. болуп чыккан.
Шектүүнүн жүргөн жери "102" кызматына түшкөн дагы бир билдирүүнүн негизинде аныкталган. Саат 21:45 чамасында Жибек Жолу проспектиси менен Ала-Арча көчөсүнүн кесилишинде бычакчан жаран кызга кол салганы тууралуу маалымат түшкөн.
Окуя болгон жерге келген патрулдук милиция кызматкерлери шектүүнүн кызды барымтага алып, моюнуна бычак такап турганын көрүшкөн.
Өтүп бара жаткан жарандардын жардамы менен шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.