
2026-жылдын 15-июнунан тартып Кыргызстанда адал индустриясынын талаптарын бузган жарандарга жана уюмдарга административдик жоопкерчилик каралат.
Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги маалымдады.
Белгиленгендей, Укук бузуулар жөнүндө кодекске тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилип, адал стандарттарынын талаптарын аткарбагандарга 7 миң 500 сомдон 23 миң сомго чейин айып пул салынат.
Ошондой эле адал сертификатын тиешелүү текшерүүсүз берген субъекттерге 65 миң сом өлчөмүндө айып каралган.
Мындан сырткары, малды багуу жана союу эрежелерин сактабагандар, зарыл документтери жок иш жүргүзгөндөр жана жасалма адал сертификаттарын колдонгондор үчүн да жоопкерчилик чаралары күчүнө кирет.