
Курулуш иштерин баштоого кытайлык "Zumsun" компаниясы менен келишимге расмий түрдө кол коюлганын Талас облусунун башчысы Эрмат Жумаев билдирди
Талас облусундагы "Беш-Таш" мамлекетик жаратылыш паркына асма жолдор курулат.
"Беш-Таш" эс алуу борборунда узундугу 1 чакырым 380 метр болгон аркан жол, эс алуучулар үчүн атайын айнектен жасалган байкоо аянтчалары, кафе-ресторан жана A-frame үлгүсүндөгү үйлөр курулат. Июнь айында аркан жолдун курулуш иштери башталат.