
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги интернетте тараган айлык тууралуу квитанция коомчулукту адаштырганын билдирди. Анда март айына эсептелген эмгек акы көрсөтүлгөн.
Маалыматка ылайык, медицина кызматкерлеринин айлыгы Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык 1-апрелден тарта жогорулатылган. Бирок март айында айлык мурдагы тариф менен төлөнгөн, ал эми жаңы сумма апрель айынын жыйынтыгы менен берилет.
Тараган мисалда 0,5 ставка менен иштеген кызматкердин айлыгы көрсөтүлгөн. Мындай кызматкер мурда 8617 сом алса, азыр болжол менен 13 500 сомго чейин өсүп, кошумча 7 500 сом компенсация менен жалпысы 21 миң сомго жетет.
Ал эми толук ставкадагы дарыгер (10 жылдык стаж, II категория) үчүн:
— базалык айлык: 27 104 сом
— стаж үчүн кошумча: 2 710 сом
— категория үчүн: 2 000 сом
Жалпысы 31 814 сомду түзүп, үстүнө 15 000 сом компенсация кошулганда 46 814 сом болот. Колго тийген сумма болжол менен 39 260 сомго жетет.
Министрлик такталбаган маалыматтарды таратпоого чакырып, расмий эсептөөлөр толук берилерин билдирди.



