
2026-жылдын 13–14-апрелинде Бишкекте кант кошулган суусундуктарга салык салуу аркылуу жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу маселелерине арналган эки күндүк семинар өтүүдө.
Иш-чара Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан ДССУ, Дүйнөлүк банк жана эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосу менен уюштурулду. Ага мамлекеттик органдардын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышууда.
Семинарда кант диабети, семирүү жана жүрөк-кан тамыр ооруларынын алдын алуу, ошондой эле мындай суусундуктарга салык киргизүүнүн натыйжалуулугу талкууланууда.
Жыйынтыгында бул багыттагы мамлекеттик саясатты өнүктүрүү боюнча сунуштар иштелип чыгат.



