
Бүгүн, 21-апрелде “Газпром-балдарга” дене тарбия, ден соолукту чыңдоо комплексинде гиря көтөрүү боюнча өспүрүмдөр арасында дүйнө биринчилиги башталды.
Салтанаттуу ачылыш аземге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин алдындагы Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Самат Эркинбеков, чет өлкөдөн келген делегаттар, спортсмендер жана күйөрмандар катышты.
Биринчиликке 16жашка чейин жана 18жашка чейинки 9 өлкөдөн келген спортсмендер катышып, жалпы 300гө жакын балбандар күч сынашууда.



