
30-мартта Бишкекте «Шаардык жол-транспорттук инфратүзүм» муниципалдык ишканасы өткөн жыл боюнча отчет берди.
Ишкананын директору Бакай Асылбек уулу билдиргендей, 2025-жылы бюджет 2024-жылга салыштырмалуу үч эсеге көбөйгөн. Анын айтымында, 8 айдын ичинде көрсөткүч 134 миллион сомдон 400 миллион сомго жеткен.
Ал быйыл бюджетти 500 миллион сомго жеткирүү планы бар экенин кошумчалады.
Ошондой эле учурда борбор калаадагы унаа токтотуучу жайларга QR-код системасы орнотулуп жатканы, жакын арада Бишкектин борбору толугу менен автоматташтырылары айтылды. QR-код аркылуу түшкөн каражат түздөн-түз жергиликтүү бюджетке багытталат.