
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Суу ресурстары кызматы тарабынан Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон райондук суу чарба башкармалыгына HWL-80 үлгүсүндөгү экскаватор берилди.
Учурда аталган техника ишке берилип, ички чарбалык арыктарды тазалоо иштерине колдонулууда.
Жаңы техника сугат системасын жакшыртууга өбөлгө түзөт.
Эске салсак, 8-апрель күнү Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев министрликке 60дан ашуун техниканын ачкычын тапшырган.



