
21-апрелге караган түнү Кытай Эл Республикасында өткөн Азия чемпионатынан Кыргызстандын курама командасы кайтып келди. Курамда спортсмендер, коштоочулар, машыктыруучулар, дарыгерлер жана укалоочулар бар.
Спортсмендерди “Ак жол” өткөрүү пунктунан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин алдындагы Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директорунун орун басары Канатбек Молдалиев, Дзюдо федерациясынын өкүлдөрү, агенттиктин кызматкерлери жана спортсмендердин жакындары тосуп алышты.
Эскерте кетсек, Азия чемпионаты 16-18-апрель күндөрү өтүп, 19 өлкөдөн 197 спортсмен катышты. Жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын курама командасы 4:3 эсебинде коло медалга ээ болуп, мекенге кайтып келишти.



