
Бишкек шаарында реконструкция жүрүп жаткан объектилерде дизайн-код талаптарын сактоо боюнча көчмө жыйын өттү. Аны шаардык архитектура башкармалыгынын башкы сүрөтчүсү Сыймык Рысбек уулу өткөрүп, ишкерлерге жана тиешелүү кызматтарга кемчиликтерди көрсөттү.
Жыйынга район акимчиликтеринин өкүлдөрү, архитектура кызматкерлери жана ишкерлер катышып, объектилерди талаптарга ылайык келтирүү боюнча иштерди башташты.
Аныкталгандай, алгач талапка жооп бербеген конструкциялар толугу менен алынып, фасаддар тегизделиши керек. Кондиционерлерди орнотуу дизайн-кодго ылайык жүргүзүлүп, электр зымдары жашыруун түрдө тартылууга тийиш. Андан кийин гана фасаддарды сырдоо иштерине уруксат берилет.
Аткарылган иштерди райондук архитекторлор көзөмөлдөйт. Бул чаралар шаардын архитектуралык көрүнүшүн жакшыртууга багытталган.



