
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жүргүзгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жыйынтыгында Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракеттери токтотулду.
2026-жылдын 17-апрелинде бөлүм башчысы П.М. жана ыкчам кызматкер А.А. кармалды. Алар Россия Федерациясынын жаранынан баңгизаттарга байланыштуу иште жазаны жеңилдетип берүү үчүн 9 миллион рубль (болжол менен 100 миң АКШ доллары) талап кылышкан.
Тергөөнүн маалыматына ылайык, шектүүлөр пара алууну жашыруу үчүн атайын схема колдонушкан. Акча каражаттары Россиядан бөлүктөргө бөлүнүп, үчүнчү жактардын атына катталган Сбербанк карталары аркылуу которулуп турган. Кийинчерээк бул каражаттар накталайга айландырылып, өлкө аймагында мыйзамдаштырылган.
Учурда кармалгандар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө иштери уланууда.



