
2026-жылдын 18-апрелинен тартып Муромский көчөсүнүн Б. Алыкулов көчөсүнөн Кипкалов көчөсүнө чейинки бөлүгү оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу убактылуу жабылат.
Реабилитациянын алкагында канализация жана суу түтүктөрү оңдолуп, жолго эки кат асфальт төшөлөт, ошондой эле ирригациялык система курулат. Жолдун туурасы 14 метр болуп, эки тарабында 3 метрден тротуар салынат.
Ушуга байланыштуу №23, 18, 135 жана 161-каттамдардын кыймыл чиймеси убактылуу өзгөртүлөт.
Шаар тургундарынан жаралган ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылып, алдын ала альтернативдүү жолдорду пайдалануу суралат.