
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө кызматынын борбордук аппараты Жалал-Абад облусундагы аймактык башкармалык менен биргеликте Сузак райондук мамлекеттик администрациясында пландуу текшерүү жүргүздү.
Мындан тышкары, Сузак айылынын тургундарынын арызынын негизинде кошумча текшерүү уюштурулуп, анын жыйынтыгында 5,05 га өзгөчө баалуу айыл чарба багытындагы жер тилкеси бузулгандыгы аныкталды.
Жер кыртышын бузуу менен келтирилген зыяндын өлчөмү болжол менен 89 082 000 (сексен тогуз миллион сексен эки миң) сомду түздү.
Аталган фактылар боюнча укуктук баа берүү үчүн материалдар Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына өткөрүлүп берилди.