
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматы тарабынан Бишкек шаарында жана Чүй облусунда чийки сүттү кайра иштетүүчү ишканалардын лабораторияларына мониторинг жүргүзүлдү.
Мониторингдин жүрүшүндө ишканаларга чийки сүттүн сапатын лабораториялык көзөмөлдөө боюнча түшүндүрүү жана практикалык жардам көрсөтүлдү. Ошондой эле Бажы биримдигинин 033/2013 «Сүт жана сүт азыктарынын коопсуздугу жөнүндө» техникалык регламентинин талаптарын сактоо боюнча консультациялар берилди.
Лабораторияларда ветеринардык препараттардын калдыктарын аныктоого өзгөчө көңүл бурулду. Учурда негизинен антибиотиктердин айрым түрлөрү текшерилип, башка түрлөрү мамлекеттик мониторингдин алкагында Ветеринардык диагностика жана экспертиза борборунда аныкталат.
Мындан тышкары, лабораториялардын ишин жакшыртуу үчүн IEC ISO 17025 стандарты боюнча аккредитациядан өтүү зарылдыгы белгиленип, тиешелүү сунуштар берилди.
Жүргүзүлгөн мониторинг сүт продукциясынын коопсуздугун камсыз кылууга, сапатын жогорулатууга жана керектөөчүлөрдүн ден соолугун коргоого багытталган.