
Ош облусунун Араван районунда башка аймактарга салыштырмалуу жашылча-жемиштер 2–3 жума эрте бышат. Учурда капустанын басай сорту бышып, дыйкандар аны экспортко чыгарып жатышат.
Жакынкы күндөрү жергиликтүү сорттогу капуста да бышып, ички рынокко чыгарылары күтүлүүдө. Андан сырткары жаңы сарымсактын түшүмү да жакын арада сатыкка чыгат.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин адистери дыйкандарга экспортко чыгарууда керектүү документтерди даярдоого көмөк көрсөтүүдө.
Араван райондук агрардык өнүктүрүү бөлүмүнүн маалыматына ылайык, райондо алгач капуста экспорттолуп, андан кийин бадыраң, помидор, картошка, кулпунай жана кокон гилас сыяктуу башка айыл чарба продукциялары да сатыкка чыгат.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда өндүрүлгөн капуста негизинен Казакстан жана Россияга экспорттолот.