
УКМК Кыргыз Республикасынын жасалма документтерин, анын ичинде паспортун жана айдоочулук күбөлүгүн пайдаланган чет өлкөлүк жаранды кармады.
Учурда Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренесинин 2-бөлүгүндө («Билип туруп жасалма расмий документти пайдалануу») каралган кылмыш белгилери боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Ошондой эле кармалган жаран тарабынан жасалган башка мүмкүн болгон кылмыштарды аныктоо иштери жүрүп жатат.
Кармалган жаран УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, ага карата камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалды.