
Баткен облусунун ички иштер башкармалыгында тергөө кызматынын кызматкерлери үчүн соттук-автотехникалык экспертиза багыты боюнча окуу сабактары уюштурулду.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызматтын адистеринин катышуусунда өткөрүлүп, катышуучуларга теориялык жана практикалык маалыматтар берилди.
Сабактын жүрүшүндө соттук-автотехникалык экспертизанын негизги түшүнүктөрү, аны дайындоо жана жүргүзүү тартиби кеңири түшүндүрүлдү. Ошондой эле практикалык мисалдар көрсөтүлүп, иш жүзүндө колдонулуучу ыкмалар менен тааныштырылды.