
Азербайжандын Баку шаарында улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгына арналган маданий иш-чаралар өткөрүлдү.
2026-жылдын 16-апрелинде Азербайжан мамлекеттик академиялык драма театрында Айтматовдун чыгармасынын негизинде даярдалган «Жамийла» мюзикли көрсөтүлдү. Спектакль Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын чыгармачыл жамааты тарабынан сахналаштырылып, толук аншлаг менен өттү жана көрүүчүлөрдүн жогорку баасына ээ болду.
Иш-чарага эки өлкөнүн мамлекеттик жана маданий өкүлдөрү, дипломатиялык корпустун мүчөлөрү, ошондой эле коомдук ишмерлер катышты.
Катышуучулар кыргыз-азербайжан маданий байланыштарынын маанисин белгилеп, мындай долбоорлор эки элдин достугун жана өз ара түшүнүшүүсүн чыңдай турганын баса белгилешти.
Белгилей кетсек, иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин колдоосу менен Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгына арналган юбилейлик иш-чаралардын алкагында уюштурулду.