
19-апрелде Кытайдын Пекин шаарында роботтор арасында өткөн жарым марафондо «Молния» аттуу кытай роботу жеңишке жетишти. Ал аралыкты 50 мүнөт 26 секундда чуркап өттү.
Маалыматка ылайык, «Qi Tian Dasheng» командасынын андроиди мурдагы көрсөткүчтөрдөн ашып, жогорку натыйжа көрсөттү.
Белгилей кетсек, узак аралыкка чуркоо роботтор үчүн олуттуу сыноо болуп саналат. Кубат булагы жетишсиз болгон учурда аны алмаштырууга туура келет, бул болсо кошумча айып убакыт кошууга алып келет.