
Өзбекстандын Ташкент облусунда турак үйдө газдын жарылуусунан төрт адам каза болду. Бул тууралуу «Синьхуа» агенттиги жергиликтүү маалымат каражаттарына таянып билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя 16-апрелде болгон. Жарылуудан кийин чыккан өрттүн кесепетинен төрт адам, анын ичинде үч бала көз жумган.
Дагы эки жабырлануучу оор абалда ооруканага жаткырылган.
Учурда кырсыктын так себептери аныкталууда.