
Мальта желеги астында жүргөн «Celestyal Discovery» жүргүнчү кемеси Ормуз кысыгынан өттү. Кеме 47 күн бою токтотулуп турганы кабарланды.
Маалыматка ылайык, кеме 18-апрелде Оманга жетери күтүлүүдө.
Буга чейин Иран тарап согуштук чыңалууга байланыштуу жабылып турган стратегиялык суу жолу ок атышпоо токтогонго чейин коммерциялык кыймыл үчүн кайра ачыларын билдирген.
Ошондой эле маалыматтарга караганда, Перс булуңундагы порттордо токтоп калган круиздик кемелердин айрымдары Доха жана Абу-Даби шаарларында болуп, айрымдары сапарын улантууга даяр же чыгып кеткен.