
2026-жылдын 18-апрелинде «Алга» спорттук комплексинде «Бишкек жашыл курулуш» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери арасында ынтымак жана биримдик турниринин ачылышы өттү.
Иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев катышып, турнирдин маанисине токтолду. Ал бул мелдеш спорттук атаандаштык менен катар биримдикти, өз ара урматтоону жана командалык духту чыңдоого багытталганын белгиледи.
Турнир спорттун алты түрү боюнча өтүүдө: стол тенниси, кичи-футбол, волейбол, дартс, 100 метрге чуркоо жана аркан тартыш.
Иш-чаранын максаты — кызматкерлердин ден соолугун чыңдоо, корпоративдик духту бекемдөө жана жамаат ичинде ынтымакты арттыруу. Жеңүүчүлөргө эстелик белектер жана ардак грамоталар тапшырылат.