
АКШ эл аралык сууларда Иранга байланышкан мунай танкерлерин басып алуу мүмкүнчүлүгүн карап жатат. Бул тууралуу The Wall Street Journal басылмасы жазды.
Маалыматка ылайык, Ак үй Тегеранга экономикалык басымды күчөтүү аркылуу Ормуз кысыгын ачууга жана өзөктүк программа боюнча жеңилдиктерге барууга мажбурлоону көздөйт.
Басылмада белгиленгендей, АКШнын куралдуу күчтөрү деңиздеги операциялардын алкагында кемелерге чыгып, аларды кармоого даярданууда. Бул Вашингтондун аскер-деңиз ишмердүүлүгүн Жакынкы Чыгыштан тышкары аймактарга да кеңейтүүнү билдирет.