
Бишкек шаарындагы Жибек Жолу проспектисинин Жаш Гвардия бульварынан Калык Акиев көчөсүнө чейинки бөлүгү жол кыймылы үчүн жабылгандыгына байланыштуу №13, №35 жана №45 каттамдардын кыймыл чиймеси убактылуу өзгөртүлдү.
Бул аймакта диаметри 600 мм болгон канализация коллекторун орнотуу боюнча курулуш-монтаждоо иштери жүргүзүлүүдө.
Урматтуу шаар тургундары, каттамдарыңызды алдын ала пландап, убактылуу жаралган ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууңуздарды суранабыз.



