
Бишкек шаарындагы №87 жалпы билим берүүчү орто мектепте Китеп күнүнө арналган Окуу декадасынын алкагында адабий иш-чара өткөрүлдү. Ага Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Э.Б. Алымбаева катышты.
Жолугушууда депутат 6-класстын окуучуларына Б. Алымбаеванын «Апанын тилеги» чыгармасын окуп берип, андан соң талкуу уюштурулду. Иш-чарага ошондой эле Билим берүү департаментинин адиси А.К. Мурсаева жана мектептин педагогдору катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө үй-бүлөлүк баалуулуктарга, ата-эне менен балдардын мамилесине жана жаш муундун руханий-адеп-ахлактык тарбиясына өзгөчө көңүл бурулду. Окуучулар талкууга активдүү катышып, өз ойлору менен бөлүшүштү.
Иш-чара жылуу маанайда өтүп, окуучулардын китеп окууга болгон кызыгуусун арттырууга өбөлгө түздү. Бишкектеги бардык мектептерде Окуу декадасынын алкагында ушундай иш-чаралар уланууда.



