
Бишкек шаарынын мэриясы шаардагы санитардык абалды жакшыртуу жана заманбап коомдук санитардык инфраструктураны түзүү максатында мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) долбоорун ишке ашырууда.
Долбоордун алкагында өткөрүлгөн конкурстун жыйынтыгында «Экспорт Плюс» ЖЧКсы жана жеке ишкер Бекбоева Роза жеңүүчү деп табылды.
Учурда жеңүүчүлөр менен тиешелүү келишимдер түзүлүп, долбоорду ишке ашыруунун алгачкы этабы башталды. Анын алкагында шаар аймагында коомдук санитардык объекттерди куруу жана жайгаштыруу иштери жүргүзүлөт.
Бул долбоор шаардык инфраструктураны өнүктүрүүгө жана тургундар менен коноктор үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.