
Бишкек шаарындагы коомдук тамактануу жайларында мамлекеттик тилди колдонуу боюнча окуу семинары өткөрүлдү.
2026-жылдын 16-апрелинде өткөн иш-чара «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» конституциялык Мыйзамды ишке ашырууга арналды. Ага мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, шаардык мэриянын адистери жана кафе-ресторандардын жетекчилери катышты.
Семинарда мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн мааниси, коомдук жайларда тил нормаларын сактоо жана аталыштарды бирдей колдонуу маселелери талкууланды. Ошондой эле катышуучулар суроолоруна жооп алып, сунуштарын билдиришти.
Жыйынтыгында мамлекеттик тилди кеңири колдонуу жана бирдиктүү стандарттарды сактоо боюнча сунуштар айтылды.



