
2026-жылдын 16-апрелинде Бишкек шаарынын базарларында эт бааларынын негизсиз өсүшүнө жол бербөө максатында рейддик иш-чара өткөрүлдү.
Иш-чарага мэриянын, Ленин райондук администрациясынын, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын жана «Кыргыз Агрохолдинг» ААКнын өкүлдөрү катышты. Ош базарынын аймагындагы эт саткан соода түйүндөрү текшерилип, ишкерлер менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Анда бааларды негизсиз жогорулатпоого жана калкты жеткиликтүү баада сапаттуу эт менен камсыз кылууга көңүл буруу зарылдыгы белгиленди.
Жыйынтыгында социалдык баада эт саткан кошумча соода түйүндөрүн ачуу пландалып жатканы маалымдалды.



