
ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, 2026-жылдын 9-апрелинде милицияга жаран А.М. арыз менен кайрылып, Э. уулу Э. аттуу жаранга чара көрүүнү суранган.
Маалыматка ылайык, 31-мартта Бишкек шаарындагы Анкара көчөсүндө белгисиз адам ишенимге кирип, баасы 65 миң сомдук MacBook Air M2 ноутбугун алып кеткен. Ал акчаны үч саат ичинде кайтарып берүүнү убада кылып, андан соң изин жашырган.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси («алдамчылык») менен иш козголгон. Ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө 2000-жылы туулган Э. уулу Э. кармалган.
Мындан тышкары, шектүү милиция кызматкерлеринин аракетине даттанып, ИИМдин ички иликтөө кызматына кайрылган. Учурда бул факт боюнча кызматтык текшерүү жүрүп жатат.