
2026-жылдын 8–13-апрель күндөрү Түркмөнстандын Ашхабад шаарында өткөн III Эл аралык математика олимпиадасында Кыргызстандын атынан 23 окуучу катышып, өлкө намысын коргоду.
Жалпысынан мелдешке 12 өлкөдөн 198 окуучу катышты.
Кыргызстандык окуучулар төмөнкү медалдарга ээ болушту:
– Адилет Шакиралиев (10-класс, Купуев академиясы) – алтын медаль;
– Алманбет Иметов (8-класс, Купуев академиясы) – коло медаль;
– Артём Яголковский (7-класс, “Газпром – Кыргызстан” мектеби) – күмүш медаль;
– Нурайым Мухаматнабиева (10-класс, “Акылман” Президенттик мектеби) – коло медаль;
– Сайкал Мамарасулова (10-класс, “Сапат” билим берүү мекемеси, “Айчүрөк” лицейи) – коло медаль;
– Тилек Нурмаматов (10-класс, “Сапат” мекемеси, Курманбек Баатыр атындагы лицей) – коло медаль.
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги окуучулардын ийгилигин жогору баалап, бул жетишкендик окуучулардын билими, мугалимдердин эмгеги жана ата-энелердин колдоосунун жыйынтыгы экенин белгиледи.



