
14-апрелде Москва шаарындагы Чоң театрдын тарыхый сахнасында VIII эл аралык кесиптик BRAVO музыкалык сыйлыгынын лауреаттарын сыйлоо аземи өттү.
Иш-чарага 11 өлкөнүн өкүлдөрү катышып, классикалык музыка жаатындагы маданий кызматташтыкты жана чыгармачылык алмашууну чыңдоого багытталды. Салтанат жогорку деңгээлдеги концерттик программа менен коштолуп, дүйнөлүк классикалык жана улуттук чыгармалар жаңырды.
Быйыл сыйлыктар 22 номинация боюнча ыйгарылып, белгилүү опера ырчылары, музыканттар жана театр жамааттары лауреат аталды. Башкы сыйлыктын ээлери катары Аида Гарифуллина, Ильдар Абдразаков жана Диляра Идрисова белгиленди. Алардын катарында Кыргызстандан Эльнура Муктарбек да бар.
Иш-чара классикалык музыканы өнүктүрүүгө жана эл аралык маданий байланыштарды бекемдөөгө салым кошту.



