
«Ред Петролеум» компаниясынын башкы директору Акылбек Маматов 13-июнга чейин камакка алынды. Бул маалыматты Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматы тастыктады.
Маалыматка ылайык, ага Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча айып тагылууда.
Белгилүү болгондой, Маматов Аскер прокуратурасы тарабынан кармалган.



