
Бишкекте VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алдында «Биримдик кербени» аттуу ири маданий долбоор ишке ашырылууда. Демилге улуттук биримдикти, каада-салттардын мурастуулугун жана руханий баалуулуктарды чыңдоого багытталган.
Долбоордун өзөгүн ыйык булактардан алынган суунун символикалык саякаты түзөт. Өлкө аймактарынан чогултулган суу Бишкекке жеткирилип, Көөкөрдү толтуруу аземи аркылуу биримдиктин белгиси катары көрсөтүлөт.
Учурда долбоорго катышуучулар тандалып, баштапкы ыйык булак аныкталууда. «Биримдик кербени» элди ынтымакка чакырып, улуттук мураска болгон урматты арттырууну көздөйт.