
Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт сарайынын имаратына инженердик текшерүү жүргүзүлдү. Изилдөө Курулуш министрлигине караштуу адистер тарабынан жүргүзүлүп, объекттин конструкцияларынын техникалык абалы жана сейсмикалык туруктуулугу бааланды.
Адистер имараттын долбоордук жана техникалык документтерин карап чыгып, учурдагы абалын изилдешти. Ошондой эле конструкцияларга инженердик талдоо жүргүзүлдү.
Жыйынтыгында имараттын техникалык абалы боюнча корутунду даярдалып, аны мындан ары коопсуз пайдалануу боюнча сунуштар берилет.