
Курулуш иштеринде коопсуздук талаптары бузулгандыктан Ош шаарындагы Тилеке Батыр көчөсүндө жайгашкан объектте автокран оодарылып кеткен. Окуя 12 кабаттуу турак үйдүн курулушу учурунда трансформатор көтөрүп жаткан маалда болгон.
Жыйынтыгында трансформатор жерге түшүп, курулуш аянтчасынын тосмосу жана навеси жабыркаган. Ошондой эле автокрандын жебеси коңшу турак үйдүн аймагына кулаган. Бактыга жараша, жабыркагандар болгон жок.
Текшерүүнүн жыйынтыгында коопсуздук талаптарын бузган «Найман Ийгилик» ЖЧКсына 200 миң сом айып пул салынды. Объект толук калыбына келтирилди.