
Кыргыз футбол биримдиги италиялык «Ювентус» клубунун өкүлдөрү менен жолугушуп, балдар-өспүрүмдөр футболун өнүктүрүү боюнча кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн карашты.
Тараптар жаш футболчуларды даярдоону жакшыртуу жана академиялык программаларды ишке ашыруу маселелерин талкуулашты. КФБ эл аралык долбоорлорду колдоого даяр экенин билдирди.
Жолугушууда Кыргызстанда футбол академиясын өнүктүрүү жана жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү багыты белгиленди.



