
Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Чуңкурчак жайлоосу тарапта тоонун боорунда кургак чөп жана арчалардан өрт чыккан.
Өрттү өчүрүүгө бир нече өрт-куткаруу бөлүктөрү, ӨКМдин ыкчам тобу жана Токой кызматынын кызматкерлери тартылган. Жалпы 27 кызматкер ишке киришти.
Кошумча маалымат кийин берилери кабарланды.



