
Сокулук райондук прокуратурасынын текшерүүсүндө Манас айыл өкмөтүндө ата-энесинен ажыраган балдардын турак жай укуктары толук камсыздалбай келгендиги аныкталды.
Прокурордук чаралардын негизинде тиешелүү органдарга акт киргизилип, жыйынтыгында «Семетей» жаңы конушунан 7 бала жер тилкеси менен камсыз болду.
Мыйзамга ылайык, жетим балдар турак жай алуу укугу менен кезексиз камсыздалышы керек.



